Turmush — Ош облусунун Чоң-Алай районунда айыл чарба башкармалыгы, ветеринария кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыл бою дыйкандарга, багбандарга, фермерлерге бир топ жеңилдиктер каралып, жакшы түшүм алууга, малдарды асылдандырууга өзгөчө көңүл бурулду. Сугат суу каналдары толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, жергиликтүүлөр үчүн жакшы шарттар түзүлдү.
Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү департаменти 2005-жылдын 22-апрелинде түзүлгөн. 2010-жылы 5-ноябрда кайрадан каттоодон өтүп, Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы болуп аталган.
-
кожолуктун саны — 8185;
-
калктын саны — 35 миң 943
-
айыл аймактардын жайыт комитеттери: Чоң-Алай, Кашка-Суу, Жекенди;
-
айылдардын саны — 23;
-
дыйкан чарбалардын саны — 616;
-
айыл чарба кооперативдердин саны — 24;
-
асыл тукум чарбалардын саны — 2.
-
Чоң-Алай району облустун борборунан 300 км, темир жол станциясынан 310 км, жакын аэропорттон 320 км алыс аралыкта жайгашкан.
Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери
Район боюнча айдоо аянты 11 миң 456 гектарды түзөт. Анын ичинен суулуу жер 11 миң 291 гектар, кайракы жер 165 гектар.
- Чоң-Алай айыл аймагында 4 миң 321 га;
- Жекенди айыл аймагында 2 миң 92 га;
- Кашка-Суу айыл аймагында 5 миң 43 га.
2022-жылы мал чарбасы 1 млн 746 миң сомго аткарылса, 2023-жылы 1 млн 785 миң сомго аткарылып 102,2 %ды түздү. Талаачылык 2022-жылы 895,3 миң сомго аткарылса, 2023-жылы 940,3 миң сомго аткарылып, 105,0%ды түздү. Жалпы район боюнча айыл чарба продукцияларынын өндүрүлүшү 2022-жылы 2 млн 642 миң 200 сомго аткарылса, 2023-жылы 2 млн 725 миң 400 сомго аткарылып 103,1%ды түздү.
Быйылкы жазгы талаа жумуштарына түзүлгөн структурада айдап-себүүнүн жыйынтыгы район боюнча 1129 га аянтка арпа, 1884 га буудай, 726 га бир жылдык, 2180 га картошка, 13 га жашылча эгилип, 4569 га аянт көп жылдыкка калтырылган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2022-жылдын 8-апрелиндеги №181-т тескемесинин негизинде 65 сомдон 20000 литр дизелдик отун бөлүнүп, андан кийин дыйкандардын суроо-талаптарына ылайык, кошумча 60 миң литр дизелдик отун бөлүндү. Жалпы район боюнча 80 миң литр дизелдик отундун ичинен 64500 литри дыйкандар тарабынан сатылып алынып, калган 15 миң 500 литри бүгүнкү күндө сатылууда.
Айыл аймактарынан берген арыздардын негизинде Россия Федерациясынан келген жана районго бөлүнгөн 2-репродукциядагы «Ратник» сортундагы арпа үрөнүнөн 29,2 тонна алынып келди. Чоң-Алай айыл аймагына 8,600 тонна, Кашка-Суу айыл аймагына 10,0 тонна жана Жекенди айыл аймагына 2,5 тонна арпа үрөндөрү бөлүштүрүлүп берилди. Бул үрөндөр «РСК» жана «Айыл Банк» аркылуу 4,5% менен 3 жылдык мөөнөткө берилди.
Мындан сырткары Кара-Кулжа районундагы «Дөөлөт» үрөнчүлүк чарбасына 20,0 тонна арпа үрөнүн Кашка-Суу айыл аймагынын Ачы-Суу айылынын башчысы күзгү түшүмгө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кепилдик каты менен алып келди.
Ал эми үрөндүк картошка боюнча Жар-Башы айыл чарба кооперативи 80,0 тонна 2-репродукциядагы «Санте» жана «Агате», «Чоң-Алай эко азык-түлүк» жоопкерчилиги чектелген коому 120,0 тонна 2-репродукциядагы «Кроне», «Ремо» жана «Вега» сортундагы картошкаларын дыйкандарга келишим баада сатышты. Мындан сырткары «Бишкек Агровей» компаниясы аркылуу жеке ишкер Пазылов Жамалидин Европадан 50,2 тонна элита классындагы «Агате», «Пикассо», «Ривера», «Канстанс», «Раноми» сортундагы картошка үрөндөрүн алып келип, дыйкандарга таркатты. Кайтарымы 60%ы накталай, 40%ы күзгү түшүмдөн берилет. Баасы 117 сомдон болду. Дыйкандар жалпы 890 тонна сорт жаңылоо максатында жаңы катошка үрөндөрүн эгишти.
Багбанчылык — айылдык үй-бүлөнүн кирешесин арттыруунун берекелүү булагы. Мөмөлүү бак короо жайдын көркү, чарба күтүүнүн, үй тутуунун маданияты экендиги талашсыз. Жылдан жылга райондо багбанчылыкка кызыгуу пайда болууда. Абдулла Ташиевдин «Бак даават» өкүлчүлүктөрү менен семинар өткөрүлүп, 200 дыйкан катышты. Россия Федерациясынын Алтай крайынан келген чычырканак көчөтүнөн 2 миң 890 түбү (баасы 200 сомдон) алынып, дыйкандарга таратылды. «Чоң-Алай Балы» айыл чарба кооперативи 1000 түп, мындан сырткары жеке ишкер Сыдыков Муратали 3200 түп чычырканак көчөттөрүн отургузушту. Жалпы район боюнча 6590 түп чычырканак жана 1000 түп карагат көчөттөрү отургузулду.
Бүгүнкү күндө 380 даана ар түрдүү ат күчүндөгү тракторлор, 303 даана кош соко, 4 сеялка, 109 трактордук чиркегич, 122 культиватор, 1 миң 211 мала, 101 даана картошка отургузгуч, 163 даана картошка казгыч, 215 даана чөп чабуучу КЕГ-2,1 косилка, 134 даана тырмоок, 65 даана пресс топтогуч жана 2 даана комбайн айдап-себүү жана оруп-жыйуу иштерине тартылды. Жардамга келген комбайндардын саны 20, жалпы 22 комбайн дан эгиндерин жыйноо иштерин жүргүзүштү.
Талаачылык иштерине бузулганын оңдоо, сынганын ширетүүгө жана желдеп жамоо иштерине 2 токардык станок, 14 ширетүүчү кичи цех, 10 желимдөөчү жай, 4 тетиктерди сатуучу дүкөн тейлөө иштерин жүргүзүштү.
Бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жылдагыдан жогору болду, вегетациялык мезгилде сугат сууларынын тартыштыгы болгон жок. Район боюнча көп жылдыкка калтырылган 4569 га аянттан 35430 тонна, 1 жылдык 726 га аянттан 2978 тонна жана 3449 тонна саман жыйналып, жалпы район боюнча 43426 тонна кесек тоют жыйналды. Чоң-Алай айыл аймагы 14 миң 773 тонна, Жекенди айыл аймагы 9 миң 210 тонна жана Кашка-Суу айыл аймагы 19 миң 443 тонна тоют даярдады же район боюнча 783 тонна жылдагыдан көп даярдалды.
Кылкандуу дан эгиндеринин жыйым-теримдери дагы коромжусуз жыйналды. Район боюнча 3 миң 13 га кылкандуу дан эгиндери эгилген, анын ичинен 1 миң 884 га буудай жана 1 миң 129 га арпа. Натыйжада 3 миң 590 тонна буудай, 2 миң 104 тонна арпа жыйналды. Чоң-Алай айыл аймагы 1 миң 459 тонна буудай, 1 миң 244 тонна арпа, Кашка-Суу айыл аймагы 1001 тонна буудай, 759 тонна арпа жана Жекенди айыл аймагы 1 миң 128 тонна буудай 1004 тонна арпа жыйнашты. Орто эсеп менен түшүмдүүлүк буудайдан район боюнча 19,1 цн/га, ал эми арпадан 18,6 цн/га айланды.
2022-жылы кесек тоют 42 миң 643 тонна жыйналса, 2023-жылы 43 миң 426 тонна жыйналып, 101,8%га, ал эми кылкандуу дан эгиндери 2022-жылы 5 миң 561 тонна жыйналса, 2023-жылы 5 миң 694 тонна жыйналып 102,4%га жана картошка 2022-жылы 36 миң 802 тонна жыйналса, 2023-жылы 38 миң 804 тонна жыйналып, 105,4%га аткарылды.
Бүгүнкү күндө район боюнча отургузулган 2 миң 180 га картошка аянтынан 38 миң 804 тонна картошка жыйналып алынды. Түшүмдүүлүк 178 цн/ га айланды, былтыркы жылга салыштырмалуу 2002 тонна көп жыйналды.
Райондо бал өндүрүү да жакшы жолго коюлду. 2022-жылы район боюнча 2706 бал челектен 66,2 тонна бал жыйналып алынган, ал эми 2023-жылы 2776 бал челектен 68,3 тонна бал жыйналып алынды. Былтыркы жылга салыштырмалуу 2,1 тонна бал көп жыйналып алынган.
Айыл чарба жерлерин жана мал чарбасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү, айыл чарба продукциясы чийки зат жана азык-түлүк рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 жана «Жер-укуктук мамилелерин жөнгө салуу» чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомдорунун негизинде район боюнча мамлекеттик фондго тиешелүү 2990 га жер аянты айылдык аймактар боюнча аянттары, контурлары жана жайгашкан жерлери, карталары такталып, 50 пайызы, 1495,6 га жер аянты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлгөн.
Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлеринин келишим мөөнөттөрү такталып, мөөнөтү бүткөн жерлер сынактын негизинде 148,1 га жер аянты ижарага берилген. Пайдаланылбай калган айыл чарба жерлеринен кыскартылган 93 га жер аянты бир жылдыкка кошулду.
Чарбалык жана ички чарбалык сугат тармактарынын каналдарын жана арыктарын оңдоп-түзөө, тазалоо иштери өз убагында жүргүзүлүп, сугат сууларын түзүлгөн графикке ылайык берилди.
Айдоо жана көп жылдык аянттарды вегетациялык мезгилде сугат суусу менен камсыз кылууда райондун аймагында ички чарбалык канал, арыктардын саны 30дан ашат. Узуну 152 чакырымды түзүп, 8 миң 613 га айдоо жерди сугат суулары менен камсыз кылат. Бул канал, арыктар ашар ыкмасы менен оңдолуп бүткөрүлөт. Ал эми райондук суу чарба башкармалыгынын балансасында турган чарбалык каналдардын узуну 133,34 км. Бул каналдарды райондук суу чарба башкармалыгы өзүнүн колундагы техникалары жана жумушчулары менен оңдоодон өткөрүп, 2843 га аянтты сугат суусу менен камсыз кылды. Мындан сырткары 3 суу пайдалануучулар ассоциациясы иштеп, 3778 га аянт сугат суулары менен камсыз болот.
СПАлар:
- Чоң-Алай айыл аймагында 2 (Адил, Гөңдү);
- Жекенди айыл аймагында 1 (Аксуу-Жекенди);
- Кашка-Суу айыл аймагында 3 (Шор-Талаа, Чекендели жана Ташбулак).
Механизмдердин жардамы менен чаап тазаланган суу чарба объектилер:
- Шор-Талаа (сол) каналы — 4,75 км;
- Шор-Талаа (оң) каналы — 6,1 км;
- Гөңдү каналы — 6,2 км;
- Алтын-Дара МК (оң) каналы — 1,7 км;
- Алтын-Дара Р-3 (оң) каналы — 5,4 км;
- Алтын-Дара Р-2 (оң) каналы — 1,5 км;
- Алтын-Дара МК (сол) каналы — 3,3 км;
- Алтын-Дара Р-4 (сол) каналы — 2,3 км.
Жалпы 31,25 км аралык оңдолуп, тазаланды.
Капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн суу чарба объектилери:
- Алтын-Дара Р-1 (сол) каналында 1,0 км аралыктагы каналдын нугу бетондолду;
- Тараша каналынын башкы суу алуу курулмасында 124 метр аралыкка габиондук торлор жаткырылып, дамбалоо жумуштары, 16 метр аралыктагы суу тосмо дубалы (переливающий стенка) бүткөрүлдү;
- Ак-Суу каналындагы 120 метр аралык бетондолду. Жалпы каналдарга ар кандай өлчөмдөгү суу тосмолору сатылып алынып орнотулду.
Капиталдык курулуштар:
Алтын-Дара тутумунда курулган кызматтык нөөмөт үйү
Райондо каттоодон өткөн эки асыл тукум чарбасы бар. Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Жар-Башы айылынан «Кыргыз топозу» асыл тукум топоз чарбасы жетекчиси Патаев Эшмамат жана Кызыл-Эшме айылынан Алай пародасындагы асыл тукум кой чарбасы жетекчиси Раимбердиев Жанибек.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы «Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибинин бекитүү» жөнүндөгү № 516 токтомунун 11 пунктуна ылайык, республиканын асыл тукум субъекттери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча асыл тукум статусунун шайкештик предметине карата үч жылда бир жолу текшерүүдөн өтөт. Бул чарбалар 2022-жылдын 17-февралында кайрадан каттоодон өтүшкөн.
Мындан сырткары райондун аймагында жети балык чарбасы уюштурулуп, толук кандуу иш жүргүзүшүүдө. Көлмөлөрдө жапайы жана бакма форелдер бар.
Ири мүйүздүү малдардын асылдуулугун жогорулатуу максатында 4-5 жылдан бери Абердин-Ангус жана Швид породасындагы малдын башын көбөйтүү колго алынды. Жасалма уруктандыруу боюнча Жекенди жана Кашка-Суу айыл аймактарында жолго коюлуп, Швид, Абердин-Ангус породалары менен уруктандырууда. Ассимиляторлор: Тагаев Орозбек жана Убраим уулу Сагын. Ал эми 2023-жылдын башынан ушул күнгө чейин 203 баш уй жасалма жол менен (118 баш Швид пародасы жана 85 баш Ангус породасы) уруктандырылды.
2023-жылдын 22-августунда Чон-Алай районунун Жар-Башы айылындагы картошканы сортоо жана калибровкалоочу кампада Ош шаарындагы TES-Центр окутуу борборунун колдоосу менен «Жар-Башы» айыл чарба кооперативи тарабынан уюштурулган талаа күнү өттү. Талаа күнүн өткөрүүнүн максаты «Үрөндүк картошка өстүрүү, сорттоо жана калибровкалоо технологиясы» жана «Үрөндүк картошка өстүрүүнүн экономикалык эффективдүүлүгүн көрсөтүү, жаңы технология менен сорттоо, калибровкалоо жана таңгактоо ыкмасын көрсөтүү» боюнча жана 2023-жылдын түшүмүн ийгиликтүү жыйнап алуу, быйылкы жылы өндүрүлө турган үрөндүк картошканы жана 2024-жылдын жазгы талаа жумуштарына эгилүүчү үрөндүк картошканын баалары бекитилип, өндүрүлгөн үрөндүк картошканы Араван жана Кара-Суу районунун дыйкандарына, айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө сатуу боюнча келишимдер түзүлдү.
2017-2023-жылдар аралыгында 82 баш таза кандуу Абердин-Ангус алынган. Мунун ичинен былтыркы жылы 24 баш ургаачы, быйылкы жылы 10 баш ургаачы торпок келип, аларды Жар-Башы айылынын фермерлери алышкан. Жалпы 34 баш ургаачы, калганы 48 баш бука. Ош облустук окутуу жана кеңеш берүү борбору (TESS центр) менен биргеликте иштеп, Абердин-Ангус букаларын 120,0-140,0 миң сомдон сатып алышып, жергиликтүү уйларга коюшуп, бешинчи төлүн алып жатышат. Бул эт багытындагы кара малдар. Мындан сырткары 1450 баш помес (аргындар) бар.
2023-жылдын 5-сентябрында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын борбордук стадионунда «Айыл күнү-2023» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы «Хельветас» коомдук уюму, «Ага Хан» коомдук фонду, «Бай Алай» программасы менен биргеликте уюштурду.
Иш-чаранын негизги бөлүгүн айыл чарба продукциялары жана мал чарбасы боюнча көргөзмөлөр түздү. Райондун аймагындагы күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылча-жемиштер, асыл тукум породасындагы уйлар жана букалар, Арашан породасындагы кочкорлор, уяң жүндүү койлор жана эчки-текелер көргөзмөгө коюлду. Жасалма жол менен уруктандыруу боюнча дагы тиешелүү адистер кеңири маалыматтарды беришти. Иш-чарада райондогу фермерлердин жана балчылардын «Чоң-Алай балы» кооперативинин жармаңкелери уюштурулду.
«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2023-жылдын жазгы-талаа жумуштарына жана мал чарбачылыгына дыйкан фермерлерге 6% үстөк менен төлөө мөөнөтү 3 жылга жеңилдетилген насыялар берилилди.
Бүгүнкү күнгө жалпы район боюнча «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу 174 атуулга 76 млн 441 миң сом насыя берилген. «Айыл Банк» АА жалпы 81 атуулга 34 млн 191 миң сом, анын ичинен мал чарбачылыгына 65 атуулга 28 млн 188 миң сом, талаачылыкка16 атуулга 6 млн 300 миң сом, ал эми «РСК Банк» жалпы 93 атуулга 42 млн 250 миң сом, 42 атуулга 20 млн 400 миң сом мал чарбачылыгына, 51 атуулга 21 млн 850 миң сом талаачылыкка берди.
Лизингге район боюнча быйылкы жылы 4 даана МТЗ – 952.2, 1 даана МТЗ – 82.1 үлгүсүндөгү тракторлор 9 млн 860 миң сомго берилди.
Жайыт комитеттеринин иштери боюнча, район боюнча 230 миң 439 га жайыт бар. Чоң-Алай жайыт комитети 79 миң 862 га, Кашка-Суу жайыт комитети 84 миң 816 га жана Жекенди жайыт комитети 65 миң 761 га. 2023-жылдын бюджети Чоң-Алай жайыт комитети — 2128,0 миң сом, Кашка-Суу жайыт комитети — 1765 миң сом, Жекенди жайыт комитети — 603,5 миң сом болуп, жергиликтүү кеңештин сессияларында бекитилген. Жалпы район боюнча жайыттын бюджети 4496,5 сомду түзөт. Жылдын жыйынтыгы менен Чоң-Алай жайыт комитети 2128,0 миң сом өндүрүп, 100 %, Кашка-Суу жайыт комитети 1765,0 миң сом өндүрүп, 100 % жана Жекенди айыл аймагы 603,5 миң сом өндүрүп, 100 % болгон. Жалпы 4496,5 миң сом өндүрүлүп, 100%га аткарылды.
Мындан сырткары коңшулаш райондордон жалпы 28 короо 14 миң 538 баш майда мал келген. Кашка-Суу айыл аймагынын жайыттарына 22 короо 10 миң 735 баш, ал эми Чоң-Алай айыл аймагынын жайыттарына 6 короо 5 миң 478 баш.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан 3 жайыт комитетине 270 га аянтка 2 миң 550 кг жайыт үрөндөрү бөлүнүп берилди. Чоң-Алай жайыт комитетине 925 кг, Жекенди жайыт комитетине 378 кг жана Кашка-Суу жайыт комитетине 1247 кг жайыт үрөндөрү бөлүнүп берилген. Берилген үрөндөр толугу менен жайыттарга себилди.
Райондун аймагындагы айыл чарба малдарынын асыл тукумдуулугун арттырууда, алардын арасында жугуштуу ылаңдардын чыгуусуна жана жугушсуз ылаңдардын кесепетинен ыксыз чыгымдарга учуроосуна жол бербөө максатында бир топ уюштуруучулук жана алдын ала профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү иштери аткарылып жатат. Натыйжада райондун аймагында өтө коркунучтуу жугуштуу ылаңдар (сибирь кулгунасы, чечек, кутурма ж.б) бир топ жылдардан бери катталган эмес. Район жугуштуу ылаңдардан азыркы күнгө таза. 2017-жылдан баштап ушул күнгө чейин районго бодо малдарды идентификациядан өткөрүү үчүн 71 миң 700 даана бирка келип түшкөн. Пландалган малдын саны — 15 миң 394 баш. Бүгүнкү күндө 65 миң 500 баш кара мал идентификациядан өткөрүлдү же болбосо 374%га аткарылды. Маалымат базасына 61 миң 71 баш мал киргизилген, же болбосо 93%га аткарылган.
Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2013-жылдын 6-июнундагы №91 буйругунун негизинде асыл тукум кой чарбаларын идентификациялоодо райондун аймагында «Төр-Өтөк» асыл тукум кой чарбасында 189 баш кой жана «Наркул» асыл тукум топоз чарбасы 200 баш топоз идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКСга киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын 2022-жылдын 13-октябрындагы № 270 буйругун аткарууда, райондун аймагындагы мал базарга алынып келген мал-жандыктарды көзөмөлдөө иши райондук ветеринардык башкармалыктын инспекторлору тарабынан күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Мал базарга келген малдардын биркалары, чиптери жана ветеринардык коштомо документтери жок болсо, мал базарга киргизилбейт, сатылбайт жана бул тууралуу эл арасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Райондун аймагында бир мал союулуучу аянтча бар, бирок ветеринардык-санитардык талапка жооп бербейт. Бул боюнча Чоң-Алай айыл аймагынын башчысына жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысына каттар жолдонуп, 2024-жылдын планына киргизүү тууралуу жооп беришкен.
Өнүгүүгө карай...
Чоң-Алай айыл өкмөтүндө логистикалык борбор курулат. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө картошка сактоочу жана сорттоочу жабдуулары менен бирге лонистикалык борбор куруу үчүн «Good-Neighbors» эл аралык уюму тарабынан 10 млн сом гранттык колдоо тапты. Аталган борбордун долбоору жасалып бүтүп, Бишкек шаарында өткөрүлгөн атайын комиссиянын отурумунда колдоого ээ болду. Аталган борбор жаз айларында курулушу башталып, сентябрь айына бүткөрүлүшү пландалды.
«Чоң-Алай балы» кооперативинин алдында «Топоз өнүктүрүү максатында» долбоорун ишке ашыруу. (ЮСАИД, АРИС, ГФРЕ) Жалпы 14,5 млн сом.
Алтын-Дара дарыясына куруулуучу БСР (суткалык жөнгө салуу бассейни) боюнча маалымат Алтын-Дара дарыясына БСР куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Ал курулса, 32 км канал курулуп, Шор-Талаа массивине да суу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, Шор-Талаа массивине кошумча 6 миң 790 гектар жаңы сугат жер кошулат. Ошону менен бирге Алтын-Дара дарыясынан суугарылуучу 2 миң 887 гектар жер аянтына сугат суусун берүү жакшыртылып, жалпы 9 миң 677 гектар жер аянты сугат суусу менен камсыз болот.
Алтын-Дара дарыясына БСР курууга ыңгайлуу жер бар. «Геоконслант ЛТД» ЖЧКсы келип, долбоорлоо иштери аткарылган. Долбоор боюнча, суу сактагычтын көлөмү 10 млн метр кубду түзөт. Алтын-Дара дарыясынын суусу таза болуп, кум-шагыл агызбагандыктан түшүмдүүлүккө да оң таасирин тийгизет. Жогорудагы жер аянттары өздөштүрүлсө азык түлүк жана тоют коопсуздугун сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.