Turmush — Ош шаарында окуучулардын уулануусу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2025-жылдын 16-апрелинде Б.Алыкулов мектебинде белгисиз адам тарабынан окуучуларга татуулар сатылган. Окуучулар таттууларды жегенден кийин уулангандыгы тууралуу билдирилген.
Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаеванын айтымында, окуучулар үйүнө чыгарылып, учурда мектепке барып жатышат.
«Ооруканага 9 окуучу кайрылган. 8 окуучу ошол эле күнү үйүнө кеткен, амбулатордук жардам көрсөтүлүп, ашказаны тазаланган. 1 окуучу ал күнү ооруканада калып, эртеси үйүнө чыгарылган. Мектептин жанында сатылып жаткан шириндикти окуучулар сатып алышкан. 1 окуучу "ичим ооруп жатат" дегенинен тез жардам кызматы менен окуучуларды ооруканага алып келишкен. Сатылган шириндик лабораторияга алынып келинип, текшерилип жатат», - деди ал.
Бул факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.