Turmush — Жалал-Абад шаарындагы унаа оңдоочу жайдагы жарылуудан улам 5 адам ооруканага жаткырылды.
Жалал-Абад облустук ооруканасынын ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Жанболот Сейдаев Turmush басылмасына билдиргендей, бейтаптардын үчөө Оштогу ооруканага которулду. Калган бейтаптардын абалы туруктуу оор деп бааланууда.
«Бейтаптар кечээ 17:28де тез жардам менен жеткирилип келди. Бизге 5 бейтап — эркек кишилер келген. Алардын баары жарылуудан жапа чеккендиктен абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алардын ичинен абалы өтө оор делген үч бейтапты Ош облустук бейтапканасына котордук. Калган экөө дарыгерлердин көзөмөлүндө», - дейт Сейдаев.
Буга чейин Turmush Жалал-Абад шаарындагы унаа оңдоочу жайлардын биринде жарылуу болуп, 6 адам ооруканага жеткирилгенин, арасында өспүрүм бала бар экенин жазган.
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тастыктаган маалыматка караганда, өрт өчүрүлүп, себептери аныкталып жатат.
Жергиликтүү тургундар өрт газ баллондун жарылуусунан чыкканын айтып жатышат.
Жабыркаган жарандардын аты жөнү:
1. 1983-жылы туулган Ө.К.М. (эркек киши), 2-даржадагы күйүк, 60-65%.
2. 1992-жылы туулган И.У.Н. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 50%.
3. 1991-жылы туулган У.Г.Р. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 30-35%.
4. 1992-жылы туулган К.Б.Ю. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 40-45%.
5. 1988-жылы туулган Д.А.А. (эркек киши), 2-даражадагы күйүк, 40-45 %.
6. 2013-жылы туулган А.А. (эркек бала) денесинен 5-2 % күйүк алга
Өткөн жылы Жалал-Абад шаарында газдалган суу саткан күркөдө газ баллон жарылып, 17 жаштагы өспүрүм кыз мерт кеткен болчу.