Turmush — Баткен облусунда бир жумада 81 унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, облус аймагында 14-апрелден 20-апрелге чейин жол эрежелери бузулган 821 факты аныкталды.
Алардын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 26 учур;
- мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 15 учур;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 81 учур;
- мыйзамсыз алдыңкы терезелерин караңгылатуу — 1 учур;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 698 учур.
Ошондой эле 81 автоунаа айып короого киргизилди.