Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 06.01.2015 17:53

Чоң-Алай районунда 2014-жылы 2 көпүрө курулуп, борбордук жол жарыктандырылган

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда өткөн жылдын эсебинен райондун борборундагы жолдордун 5 чакырымына чейин жарыктандырылып, жөө адамдар жүрүүчү 1,5 чакырым жол салынган. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Абдилазиз Аширалиев билдирди.

Анын айтымында, райондун борборундагы көчөлөр толугу менен жарыктандырылып, жөө жүргүнчүлөргө да шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, эки чоң көпүрө жана бир кичине жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулуп, колдонууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×