Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 12.01.2015 17:47

Чоң-Алай районунда 2 өрт өчүрүүчү унаа тейлейт

Turmush -  Ош облусунун Чон-Алай районунда 2 өрт өчүрүүчү унаа иштеп, 20 кызматкер эмгектенет. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун өрткө каршы мамлекеттик кызматынын бөлүмүнүн башчысы Арапбай Жолдошбаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өрт кырсыктары катталган эмес. Өткөн 2014-жылы Чоң-Алай районунда 15 өрт кырсыгы катталып, 114 миң 80сом чыгым болгон. Кырсыктан каза болгондор болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×