Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуЧоң-Алай району 23.01.2015 17:41

Чоң-Алай районунда 25 жумушсуз жаштар кесиптик окууларда окутулду

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда жаштардын ичинен 261и жумушсуз деп табылып, алардын 25и атайын кесиптик окууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Сайпидинов билдирди.

«Бизге өткөн жылы 277 адам кайрылып, алардын ичинен 261не жумушсуз деген статус берилген. 25 бала атайын кесиптик окууга жөнөтүлүп, айдоочулук күбөлүк алышты. Ишмердүүлүгүн баштоо үчүн 5 жаранга 30 миң сомдон чакан насыялар берилди. Ошону менен бирге эле 135 жаш жумушсуздарга убактылуу акы төлөөчү коомдук жумушка жибердик. Учурда тышкы миграцияда 354 адам, ички миграцияда 2028 адам жүрөт», - дейт А.Сайпидинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×