Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуЧоң-Алай району 30.01.2015 16:44

Чоң-Алай районуна өткөн жылы 420 турист келген

Turmush -  Ош областынын Чоң-Алай районундагы Ачык-Таш альпинисттик лагерине чет өлкөлөрдөн 420 турист келип, жергиликтүү бюджетке 254 миң 500 сом киреше түшкөн. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиев билдирди.

Анын айтымында, Ачык-Таш альпинисттик лагери май айынан август айына чейин иштейт. Ал жерде Горы Азия, Тянь-Шань Тревел, Фортуна Тур, Ак-Сай Тревел, Чоң-Алай Тур, Памир экспедишн туристтик фирмалары өз ишмердүүлүктөрүн алып барат.

2014-жылы КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны 200гө жетсе, башка чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 220га жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×