Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 30.01.2015 17:56

Чоң-Алай районунда өлүккананын имараты жаңыланды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда көп жылдан бери чечилбей келе жаткан оорукананын өлүкканасы жаңы салынды. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, райондо көп жылдан бери чечилбей келе жаткан өлүк сактоочу жайды кайрадан куруп бүтүрдү.

Ал эми 2014-жылы 4357 бейтап стационардык дарылануудан өткөн болсо, алардын ичинен 14 жашка чейинкилер 1193 адамды түзсө, 1 жашка чейинки 432 бала дарыланып чыккан.

Өлүп төрөлгөн наристелердин саны 5 жеткен, деп билдирди Абдилазиз Аширбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×