Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 11.02.2015 10:59

Чоң-Алай районунда электр энергиясына болгон дебитордук карыз бир жыл мурунку 2,1 млн сомдон 1,6 млн сомго кыскарды

Turmush -  

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2014-жылдын башына карата электр энергиясына болгон дебитордук карыз 2 млн 173 миң 600 сом болуп, жылдын аягында 557 миң 100 сомго кыскарды.

Бул тууралуу Чоң-Алай районунун электр тармактар ишканасынын жетекчиси Латиф Нарынбеков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

 Анын айтымында, 2014-жылдын аягына карата райондо электр энергиясына болгон дебитордук карыз 1 млн 616 миң 500 сомду түздү.

«Техникалык жана коммерциялык жоготуулардын алдын алуу үчүн атайын топтор түзүлүп, рейддерди жүргүздүк. Электр энергиясын үзгүлтүккө учуротпоо үчүн кошумча жаңы 2 көмөкчү чордон орнотулуп, 7 чакырым жерге электр чубалгылары тартылды», - деп кошумчалады Л.Нарынбеков.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×