Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 11.02.2015 11:43

Чоң-Алайда афган согушунун ардагерлери окуучуларга согуштагы окуялар тууралуу айтып берип, жаштарды мекенчил, билимдүү болууга үндөйт

Turmush -  Бүгүн, 11-февралда Ош облусундагы Чоң-Алай районунда Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына карата афган согушунун ардаргерлери менен окуучулардын жолугушуу кечелери башталды.

Аким Абдилазиз Аширалиев аймактык кабарчыга билдиргендей, ардагерлер мектептерге барып окуучуларга согуш учурунда баштарынан өткөргөн окуялар тууралуу айтып берип, жаштарды мекенчил, билимдүү болууга үндөгөн кеңештерин айтышат.

Мындай жолугушуулар райондун аймагында 7-8 күнгө чейин улантылат, деп кошумчалады А.Аширалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×