Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 12.02.2015 12:09

Чоң-Алай районунунда Афган согушунун ардагерлери окуучуларга согуш тууралуу айтып берүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Ош облусундагы Чоң-Алай районунда Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына карата афган согушунун ардаргерлери менен окуучулардын жолугушуу кечелери өтүүдө.

Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Саадат Туйгунованын аймактык кабарчыга билдиргендей, ардагерлер окуучуларга согуш учурунда баштарынан өткөргөн окуялар тууралуу айтып берип, жаштарды мекенчил, билимдүү болууга үндөшүүдө.

Мындай жолугушуулар райондун аймагында 7-8 күнгө чейин улантылаары айтылды. Чоң-Алай районунан Афганистандагы согушка 7 жаран катышып, бирөөсү каза болгон.

49

50

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×