Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 16.02.2015 14:30

Чоң-Алай районунда Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда «Балдардын сынагына сынбайсыңбы?» атуу ток-шоу уюштурулду

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы борбордук китепканада жана Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебинде Ооган согушунун ардагерлери чакырылып, «Балдардын сынагына сынбайсыңбы?» аттуу ток-шоу уюштурулду. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиев билдирди.

Анын айтымында, окуучулар согуш жана ардагерлердин башынан өткөргөн окуяларына кызыгып көрүштү.

Ооган согушунун ардагерлерине колдоо көрсөткөн жана материалдык жактан жардам берген 5 атуулга, жаштарды патриоттулукка тарбиялоодогу эмгеги үчүн  «Төш» белги менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×