Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 17.02.2015 16:36

Чоң-Алай району менен Тажикстандын чектеш аймагына көчкү түшүп, 10дон ашуун оор жүк ташуучу унаа өтө албай турат

Turmush -  Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы унаа жолдо кечээ, 16-февралда кар көчкү түштү. Учурда эки тараптан 12 оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турат. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Саадат Туйгунова Turmush басылмасына билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанга тиешелүү жол көчкүдөн тазаланып, Тажикстан тарап толук тазалана элек.

Мындан тышкары, Жекенди, Чулук, Шиве, Кулчу, Кара-Шыбак айылдарына баруучу ички жолдор кардан толук тазаланып бүтө элек. Жол тазалоого 3 техника тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×