Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 17.02.2015 18:42

Чоң-Алай району менен чектешкен Тажикстан тарапка түшкөн кар көчкү тазаланды

Turmush -  Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Ош–Сарыташ–Карамык жолу толук кардан тазаланып бүттү. Тажикстан тарапка түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды.

Буга чейин кар көчкүнүн эки тарабында 12 оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турганын Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Саадат Туйгунова Turmush басылмасына билдирген.

Анын айтымында, Жекенди, Чулук, Шиве, Кулчу, Кара-Шыбак айылдарына баруучу ички жолдор кардан толук тазаланып бүтө элек. Жол тазалоого 3 техника тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×