Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 17.02.2015 18:45

Чоң-Алай району менен Тажикстандын чектеш аймагына түшкөн кар көчкү тазаланып, Сарыташ-Дароот-Коргон-Карамык жолу толугу менен ачылды

Turmush -  Кечээ, 16-февралда Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы унаа жолдо түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, кыймыл ачылды.

Бүгүн, 17-февралда Turmush басылмасына ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов билдиргендей, Сарыташ-Дароот-Коргон-Карамык жолу учурда унаалардын кыймылы үчүн толугу менен ачылды. Аталган аймакты тазалоо иштери өз убагында жүргүзүлүп жатат.

Аймакта токтолуп турган унаалар жок, деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле, Жекенди, Чулук, Шиве, Кулчу, Кара-Шыбак айылдарына баруучу ички жолдор кардан толук тазаланып бүттү.

Мурдараак, Чоң-Алай району менен Тажикстандын чектеш аймагына кар көчкү түшүп, 10дон ашуун оор жүк ташуучу унаа өтө албай турганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×