Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 18.02.2015 13:52

Калың жааган кардан кийин Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы айылдарга баруучу ички чарбалык жолдор убактылуу жабылды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы Жекенди, Чулук, Шиве айылдарына баруучу ички чарбалык унаа жолдор жана Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Кулчу айылына баруучу ички чарбалык жол убактылуу жабык.

Бул райондун аймагында 17-18-февраль күндөрү кардын калың жашы менен байланыштуу, деп маалымдайт бүгүн, 18-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Бороон басылгандан кийин ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иштери транспорт кызматынын (ЖЭМ №16) техникаларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет.

Ал эми, Ош-Сары-Таш-Кара-Мык унаа жолу ачык, деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×