Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 19.02.2015 08:52

Чоң-Алай районунда калың жааган кардын кесепетинен ички чарбалык унаа жолдор жабылды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 17-18-февралда калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен ички чарбалык унаа жолдор жабылды.

Бүгүн, 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билидргендей, Жекенди айыл аймагында:

- Жекенди айылына баруучу ички чарбалык жолдун 1,5 чакырым аралыгы;

- Чулук айылына баруучу ички чарбалык жолдун 3,5 чакырым аралыгы;

- Шиве айылына баруучу ички чарбалык жолдун 2,5 чакырым аралыгы;

- Чоң-Алай айыл аймагында:

- Кулчу айылына баруучу ички чарбалык жолдун 3 чакырым аралыгы;

- Кара-Шыбак айылына баруучу ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгы жабылды.

Бороон басылгандан кийин ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×