Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 20.02.2015 09:38

Бороондун кесепетинен жабылган Чоң-Алай районундагы ички чарбалык жолдор ачыла элек

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 17-18-февраль күндөрү калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен ички чарбалык унаа жолдор жабылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Жекенди айыл аймагында:

- Жекенди айылына баруучу ички чарбалык жолдун 1,5 чакырым аралыгы;

- Чулук айылына баруучу ички чарбалык жолдун 3,5 чакырым аралыгы;

- Шиве айылына баруучу ички чарбалык жолдун 2,5 чакырым аралыгы;

Ошондой эле, Чоң-Алай айыл аймагында:

- Кулчу айылына баруучу ички чарбалык жолдун 3 чакырым аралыгы;

- Кара-Шыбак айылына баруучу ички чарбалык жолдун 7 чакырым аралыгы жабылды.

Бороон басылгандан кийин ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×