Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 20.02.2015 09:53

Чоң-Алай районундагы «Карашыбак» чек ара тозотунда жаңы имараттын ачылышы болууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-февралда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин коргоо жана кайтарууга алган Ош чек ара кошуунунун «Карашыбак» чек ара тозотунда жаңы кызматтык имараттын ачылышы болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Ачылыш аземге Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Алимбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Чек ара объектилеринин курулушу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин көмөгү жана АКШнын борбордук кол башчылыгынын баңги заттарга каршы күрөшүү программасынын алкагында 2013-жылдан тарта башталган. 

2 1

4

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×