Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 20.02.2015 10:14

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесин кайтарган «Карашыбак» чек ара тозотунда таза суу жок

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин коргоо жана кайтарууга алган «Карашыбак» чек ара тозотунда таза суу жок. Бул тууралуу аскер кызматкерлери Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.

Аскерлердин айтымында, алар сууну дарыядан ташып ичишет.

Эске салсак, бүгүн, 20-февралда «Карашыбак» чек ара тозотунун жаңы кызматтык имараттын ачылышы болууда.

Ачылуу аземине Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Алимбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Чек ара объектилеринин курулушу Кыргызстандагы АКШ элчилигинин көмөгү жана АКШнын борбордук кол башчылыгынын баңги заттарга каршы күрөшүү программасынын алкагында 2013-жылдан тарта башталган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×