Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 20.02.2015 14:35

Чоң-Алайдын аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы «Карамык» чек ара тозотунда жаңы турак жай ачылды

Turmush -  Бүгүн, 20-февралда Ош облусунун Чоң-Алай районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин коргоого жана кайтарууга алган Ош чек ара кошуунунун  «Карамык» чек ара тозотунда жаңы турак жай жана кызматтык имараттардын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Чек ара объекттеринин курулушу АКШ элчилигинин көмөгү жана АКШ Борбордук колбашчылыгынын «Баңгизатка каршы күрөш программасынын» алкагында  2013-жылдан тарта жүргөн.

Чек ара тозотторунун ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары А.Алимбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын колбашчылыгы, жергиликтүү бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×