Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 20.02.2015 16:29

Чоң-Алай районундагы 3 айылдын ички жолдору кардан тазаланды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы ички жолдор кардан тазаланууда. Ак-Суу, Жаш-Тилек жана Чак айылдарынын ички жолдору кардан толук тазаланып бүттү. 

Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, 17-18- февраль күндөрү жааган калың кардан Чоң-Алай районунун ички жолдору жабылып калган. Ак-Суу, Жаш-Тилек жана Чак айылдарына баруучу ички жолдор тазаланып, калган жолдор райондук жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×