Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 21.02.2015 14:43

Чоң-Алай районунда калың кардын жана бороондун кесепетинен ички унаа жолдор жабылган

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2015-жылдын 17-18-февралында калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен ички чарбалык унаа жолдору жабылган.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 2015-жылдын 20-февралында Чоң-Алай айыл аймагынын Кулчу айылындагы ички чарбалык жолдун 3 чакырымын айыл аймак тарабынан 1 жеке менчик Бульдозер тартылып, саат 21:00дө тазалоо иштери аяктаган.

Шиве айылында 2,5 чакырым, Чулук айылында 3,5 чакырым ички чарбалык жолдор тазалана элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×