Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 23.02.2015 11:43

Мектеп жана таза суу жок Чоң-Алайдын Кара-Шыбак айылында кышкысын жашоочулар калбай калат, - жергиликтүүлөр

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак айылында мектеп жок жана таза суу маселеси да чечилбей келет.

Аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиргендей, бул маселелер айылдын эң негизги көйгөйү.

«Кыш келгенде Кара-Шыбак айылында жашагандар калбай деле калат. Өзү 50 үй-бүлө болсо, кышында 20дай эле үй-бүлө калат. Себеби мектеп алыс, ошондой эле таза суу жоктугу да кыйынчылык жаратат. Таза суу чыгаруу  үчүн  атайын  шаймандар орнотулуп, бирок, ал жерден туздуу суу чыгып калган. Себеби тоолордун арасында туздар бар жерлер бар. Чек арачылар ат менен дарыядан суу ташып ичишет», - деди айыл тургуну.

Аталган айылда кыргыз-тажик чек арасын кайтарган «Карашыбак» чек ара тозоту жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×