Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 23.02.2015 14:53

Фото - Армияда оштук, чүйлүк деп бөлүнүү жок, - Чоң-Алайдагы «Кара-Мык» тозотунун катардагы жоокери С.Акбаров

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Кара-Мык» чек ара тозотунда 50дөй катардагы жоокерлер кызмат өтөөдө.

Катардагы жоокер Саламат Акбаров Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, чек арачылар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

«Мен өзүм Чүй облусунан болом. Бул жакка келип кызмат өтөп жатканыма 4 ай болду. Бул жерде Кыргызстандын баардык жерлеринен келип кызмат өтөшөт. Эң негизгиси патриоттулукка тарбияланып, бөлүнбөй бир болгонго үйрөтөт экен. Буга чейин Ош, Чүй деп бөлүнүп жүрсөк, азыр баарыбыз Кыргызстандын биримдиги үчүн аракет кылабыз.

Тамак-аш, кийим-кече сыяктуу керектүү нерселер менен толук камсыз болгонбуз. Күнүнө 3 маал тамактанабыз. Көбүнчө сүттүү тамактар менен тамактанабыз. Окуу үчүн, кызмат өтөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн», - деди Саламат Акбаров.

аскер

аскер1

аскер2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×