Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 25.02.2015 11:44

Фото - 7 ай суук болгон Чоң-Алайдын Кара-Шыбак айылында картошкадан башка жер-жемиш өспөйт

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак айылында картошкадан башка өсүмдүк эгүүгө болбойт. Чоң-Алай районунда кыш узакка созулат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кара-Шыбак айылынын аксакалы Сарыкбай  Тажимаматовдун билдиргендей, сентябрь айынан май айына чейин суук болот.

«Элдин көпчүлүгү мал багуу менен жан багышат. Көбүнчөсү бодо мал багышат. Суукка чыдамдуу делип топоз баккандар да бар. Кар жааганда 50 см ге чейин жаайт. Көбүнчө шамал болуп тургандыктан сыртка чыгып мал кароо да кыйын болот. Биздин айыл тоолуу, суук.

Ооруканалардан да бир топ алыс. Бала-чака ооруп калса ооруканага жетүү кыйын. Биз күз мезгилинен тарта эле балдарды, үй-бүлөбүздү ооруканаларга текшертип, дары-дармектерди алып коебуз. Тамак-аш азыктарын  да эрте эле камдап алабыз. Биздин айылга дыйканчылык кылууга деле болбойт. Айылдын тургундары  картошка эгип ошону бышырып алат. Башка азык-түлүктөр бышпайт», - деди С.Тажимаматов.

Алай

Алай1

Алай2

Алай3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×