Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 26.02.2015 11:15

Чоң-Алайда өткөн кошмо жыйында айрым жоопкерчиликтүү тараптарга эскертүүлөр берилди

Turmush -  Ош облусунун Чон-Алай районунда кечээ, 25-февралда кошмо жыйын өттү.

Райондун акими Абдилазиз Аширалиев аймактык кабарчыга билдиргендей, аталган жыйында 2014-жылы аткарылган иштер жана ушул жылы аткарыла турган иштер тууралуу талкуу жүрүп, айрым жоопкерчиликтүү тараптарга эскертүүлөр берилди. Ошону менен бирге эле райондун жетекчилигине айтылган сын-пикирлер да эске алынып, сунуштар каралды. 

Кошумчалай кетсек, ушул жылы «жылдын мыкты акими» наамы Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиевге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×