Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 27.02.2015 16:15

Фото — А.Анапияевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына 20 миңдей адам келди

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында бүгүн, 27-февралда Алмамбет Анапияевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Анын маалыматына ылайык, коштошуу аземине келген адамдардын унааларынын көптүгүнөн жолго батпай калган, токтогон унаалардын узундугу 1,5 км түзөт.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, коштошуу аземине 15-20 миң адам келди, ал эми кээ бир тургундар келген адамдардын саны 25 миңге жеткенин белгилешүүдө.

Эске салсак, А.Анапияевдин сөөгүн бүгүн, 27-февралда жүк-200 аркылуу алып келишти.

Маалым болгондой, бүгүн Москва-Ош авиа каттамы менен А.Напияевдин сөөгү Ош шаарынын аэропортуна алынып келген. Анын жакындары жана туугандары кичи мекени – Чоң-Алайдын Жекенди айылында жерге беришти.

Turmush басылмасы А.Анапиеявди жерге берүү иш-чарасында тартылып алынган сүрөт түрмөгү тартуулайт.

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

А 6

А 7

А 7

Б 1

Б 2

Б 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×