Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 27.02.2015 18:33

Фото - Алмамбет Анапияевдин агасы: Инимдин өлүмүнө коргоого алынган Г.Абдилазизовдун тиешеси бар, ал сатып кетти

Turmush -  Ош облусундагы Чон-Алай районун Жекенди айыл аймагынын Алмамбет Анапияевдин кичи айылы Чулук айылында акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер тарай баштады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы сапарга узатууга 20 миңге жакын адам келди, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. Кыргызстандын облустарынан жана Тажикстандан А.Анапияевдин тааныштары келгенин айтышууда.

Ошондой эле, кримтөбөл Камчы Көлбаев да келгени айтылууда. А.Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев, инисинин өлүмүнө Гүлжигит Абдилазизовдун тиешеси бар, деп эсептейт.

«Алмамбеттин өлүмүнө Гүлжигиттин да тиешеси бар, анткени ал саткан. Атайын уюшулган иш болду. Биз бул иштин аягына чыгабыз. Алмамбеттин жакын таанышы Назгүл Насиеванын да тиешеси болушу мүмкүн. Алмамбеттин өлгөнүн бир тууганы мен биринчи укпай, Назгүл биринчи угуп жатат. Ал каяктан билди?», - деди Г.Анапияев.

Журналисттердин айтымында, А.Анапияевди акыркы сапарга узатуу учурунда күзөттө турган кызматкерлер коопсуздукту сактоо максатында экендигин эскертүү менен, сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк берген жок.

 

Б 4

А 2

А 4

А.Анапияев салдырган мечит

А 3 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×