Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 28.02.2015 11:35

А.Анапияевдин өлүмү боюнча көрсөтмө берген Г.Абилазизов тууралуу: Көрсөтмө берген адам тергөөчүнүн алдында кафеде отургандай отурбайт, - Г.Анапияев

Turmush -  А 1 Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев иниси менен 15-16-февраль күндөрү телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, анын өлүмүнө атайын буюртма болгон, деген пикирин билдирди.

«Мен Алмамбетти Белоруссияга барып, өз көзүм менен көрүп, өзүм алып келдим. Ал атайын буюртма менен өлтүрүлдү. 15-16-февраль күнү Алмамбет менен телефон аркылуу сүйлөшкөн элем. Аны Минск шаарына барганынан пайдаланып, өлтүрүп кетишти», - деди Г.Анапияев.

Г.Анапияев, Алмамбеттин өлүмү боюнча көрсөтмө берген Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсү толук жалган экенин айтууда.

«Көрсөтмө берген бала 99% жалган айтты. Жиндиге да түшүнүктүү болуп жатат, көрсөтмө берген адам тергөөчүнүн алдында кафеде отургандай отурбайт. Беларуссиядан тергөөчүлөр катуу иштеп жатышат. Жакында Кыргызстанга да келишет», - деди Г.Анапияев.

Мурдараак маалымдалгандай, кечээ, 27-февралда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылында А.Анапияевдин сөөгү жерге берилип, акыркы сапарга узатууга 20 миңге жакын адам катышты.

А.Анапияевдин жансыз денеси 19-февралда Минскинин аймагында унаанын ичинде табылган. Ал денеде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгилер бар болгондугу айтылып, полиция ал дененин жанынан 1974-жылы 24-апрелде Кыргызстанда туулган Шакиров Алмазбек Мийзамович аттуу Россиянын жаранына тиешелүү паспортту тапты. Аныкталгандай, ал документ жасалма болуп, А.Анапияевдин сүрөтү чапталган.

А.Анапияев акыркы сапарга узатылган Жекенди айылы

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

Б 4

А 2

А 4

А.Анапияев салдырган мечит

А 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×