Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 28.02.2015 14:09

Алайда аба ырайы кескин өзгөрүлүп, Кабылан-Көл айыл аймагынын 4 айылында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурады

Turmush -  Ош облусундагы Алай районунун аймагына электр жарыгы берилди. Мурдараак маалымдалгандай, 26-февралда саат 16:57 чамасында Гүлчө-Сопу коргон багытындагы жогорку чыңалуудагы электр энергиясынын чубалгысына муз тоңуп үзүлгөн. Энергиялык жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынан кызматкерлер тартылып, кечээ, 27-февралда саат 15:30 карата калыбына келтирүү иштери аяктап, электр энергиясы берилди, деп маалымдайт ӨКМ.

Кабылан-Көл айыл аймагында кечээ, 27-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн суу кар жаап, бороон болгондугуна байланыштуу, Кабылан-Көл айыл аймагынын 4 айылдарына жогорку чыңалуудагы (10 кВт.) электр чубалгыларында муз тоңуп, электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураган.

Узундугу 630 метр аралыктагы электр өткөргүчтөрүн калыбына келтирүү иштери аба ырайына байланыштуу кыйынчылык туудуруп жаткандыктан, Каблан-Кол айыл аймагынын айылдарын электр энергиясы менен камсыз кылуу убактылуу токтоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×