Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 02.03.2015 14:04

Фото - А.Анапияевдин өлүмү боюнча айтылып жаткан версиялар тууралуу агасы Г.Анапияев менен маек

Turmush -  Минск шаарында жансыз денеси табылган Алмамбет Анапияев акыркы сапарга узатылгандан кийин анын бир тууган агасы Галмамат Анапияев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

Мурдараак маалымдалгандай, 27-февралда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылында А.Анапияевдин сөөгү жерге берилип, акыркы сапарга узатууга 20 миңге жакын адам катышты.

- Сиз кандай пикирдесиз? А.Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу ар кандай пикирлер, версиялар айтылып жатат.

- Минскиге өзүм барып, өз колум менен кармап көрүп, Алмамбетти өзүм алып келдим. Мындай кол салууну бир адам уюштурган эмес. Бул кол салуу үчүн катуу кармаш болгон. Алмабеттин өлүмү үчүн буюртма болгонуна толук ишенип турам. Кудай буюрса бардыгы ачыкка чыгат деп ишенем, себеби учурда окуянын бир чекеси көрүнүүдө.

- Мүмкүн акыркы учурларда Алмамбет Анапияевде болгон маселелер боюнча анын жубайынын маалыматы бардыр? Бул боюнча анын жубайы менен сүйлөшүп көрдүңүзбү?

- Алматбеттин жеке адамдар менен эч кандай маселелери болгон эмес. Мен өзүм Алманбет менен 16-17-февраль күндөрү сүйлөшкөм. Ал эми, кол салуу 17-февралда кечинде болгон.

- А.Анапияев Минск шаарына эмне үчүн барган?

- Минскиге Алыш федерациясынын иштерине байланыштуу барган.

- А.Анапияев Минск шаарына барганда анын жанында ашпозчусу гана болуп, жакын жан сакчылары болгон эмес деп айтылууда. Ал эмне үчүн жан сакчыларын жанына алган эмес?

- Минск шаарында криминалдуу чөйрөгө аралашкан адамдар болбойт экен. Башкача айтканда, Минск криминалдуу шаар эмес. Аны өлтүргөндөр мына ошол коркунучсуз шаарга келгенден пайдаланып кетишти.

- Кыргызстандын Ички иштер министринин тергөө бөлүмүнө бул боюнча көрсөтмө берген Гүлжигит Абилазизовдун маалыматтары боюнча кандай ойдосуз?

- Анын көрсөтмөсү 99% жалган. Көрсөтмө берген адам Гүлжигиттей болуп бербейт. Бул нормалдуу адамдын көз карашында акылы кем адамга да түшүнүктүү болуп турат, биринчи жолу тергөөчүнүн алдында көрсөтмө берген адам кафеде чай ичкендей отурбайт.

- Бул окуяга Бакиевдердин катыштыгы бар экендиги айтылууда. Сиз кандай ойлойсуз?

- Бакиевдер тууралуу мен тигиндей мындай дей албайм. Азыр таш кулап кетсе да Бакиевдердин аты аталып жатпайбы. Бакиевдердин бул окуяда эч кандай тиешеси жок.

- Алманбет Анапияев менен Жаныш Бакиевдин ортосунда байланыш болгонбу? Алардын мамилеси кандай эле?

- Мен алар тууралуу билбейт экенмин.

- А.Анапияев менен Камчы Көлбаевдин ортосунда пикир келишпестиктер болгон деген кептер айтылууда. Бул боюнча сиздин маалыматыңыз барбы?

- Ал жалган.

- А.Анапияевдин өлүмү боюнча ички иштер министри М.Турганбаевдин аты да аталды. Буга сиз кандай комментарий бересиз?

- Анык билбей туруп бир адамды күнөөлөгөндөн алысмын. Кудай бар, ким кимге жамандык кылса анын өзүнө кайтат. Бул окуянын бети ачылганча, күнөөлү бул, же тигил деп айта албайм. Азыр Минскиде иликтөө комитети өтө катуу иштеп жатат. Алар биздин милициялардай иштешпейт экен, өтө тыкыр иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алардын иликтөө комитети түз президентке карайт. Жакында иликтөө комитетинин төрагасы баш болуп Кыргызстанга келишет. Мени менен байланышып бул жерде да иликтөө иштерин жүргүзөт.

- Жактоочу жалдадыңыздарбы?

- Биз бүгүн келдик. Жактоочуга жетише элекпиз.

- Иликтөө иштерине катышасызбы?

- Кудай буюрса катышам. Мен муну ушул бойдон калтырбайм. Алмамбет ушул бойдон кала турган бала эмес. Мен дагы бул ишти калтыра турган киши эмесмин. Кудай буюрса мен акырына чыгам деп Минскте инимдин сөөгүнүн алдында ыйлап туруп ант бергем. Мына силердин алдыңарда, Кудайдын алдында туруп айтып коёюн, мен бул иштин акырына чыгам!

- А.АНапияевдин денесинин жанынан табылган паспорт кандай паспорт экен?

- Душман жасайм дегенин ар тараптан ар түрдүү иштерди ойлоп ишке ашырат. Жаман аттуу кылуу үчүн кимдир бирөөнүн жанына бир буюмду коюп коюшат. Бул кылмышты уюштурган адамдардын тергөө ишин башка багытка буруп, адаштыруу үчүн жасаган амалы. Башка эч сөз жок.

- Ушул жылы Ош аэропортунда куралдуу кол салуу болуп, миллиондогон (5,6 млн доллар) доллар тонолгон. Бул боюнча А.Анапияев шектүү катары аталган эле...

- Ушул кезге чейин Алмамбеттин катыштыгы бар деген сөз бир да жолу айтылган жок. Акча тонолгондон тартып мен барын байкап жүрөм. Анапияев Дубайда жүрсө Оштогу акча тоноого кандай тиешеси бар?.

- Сиздин пикириңизде, аны жанында жүргөн Гүлжигит Абилазизов сатып коюшу мүмкүнбү?

- Ооба Гүлжигит бар. Андан сырткары, аны менен байланышкан адамдар да бар. Мен барын билем. Алардын бары сатышты.

- Интернеттеги айрым билдирүүлөрдө, бул ишке Назгүл Насиеванын байланышы бар деген маалыматтар айтылып жатат. Мүмкүнбү?

- Ал маалыматтардын да 70-80%ы чын болушу мүмкүн. Себеби кабарды Назгүл биринчи угуп жатпайбы! Эмне үчүн биринчи мен укпай, а Назгүл угат? Эмнеге бардык адамдарга кабар Назгүлдөн тарайт? Эмнеге Алманбеттин туугандары угушпайт? Демек Минскиге келгенин айтып, Назгүл сатып коюшу да мүмкүн.

А.Анапияев акыркы сапарга узатылган Жекенди айылы

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

Б 4

А 2

А 4

А.Анапияев салдырган мечит

А 3Тема боюнча: Чоң-Алай районунда Белоруссияда өлтүрүлгөн Алмамбет Анапияевди акыркы сапарга узатууга даярдыктар көрүлүүдө

Алмамбет Анапияевдин денеси Ош аэропортуна алынып келинди

Фото — А.Анапияевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына 20 миңдей адам келди

Фото - Алмамбет Анапияевдин агасы: Инимдин өлүмүнө коргоого алынган Г.Абдилазизовдун тиешеси бар, ал сатып кетти

А.Анапияевдин өлүмү боюнча көрсөтмө берген Г.Абилазизов тууралуу: Көрсөтмө берген адам тергөөчүнүн алдында кафеде отургандай отурбайт, - Г.Анапияев

А.Анапияевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кайткан унааларды милиция кызматкерлери Ош шаарынын кире беришинен текшерди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×