Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 03.03.2015 10:19

2013-жылдын отчетун тапшырбаган Чоң-Алайдын акиминин 2014-жылы жүргүзгөн ишинин отчету да кабыл алынган жок

Turmush -  Ош облусундагы Чоң-Алай районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынында район акими А.Аширалиевдин иши канааттандыраарлык эмес деп табылды. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Апсалам Бөрүбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Кошмо жыйын өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен 25-февралда өттү.

А.Бөрүбаевдин айтымында, акимдин отчету боюнча депутаттар тарабынан көптөгөн сын-пикирлер айтылып, отчетту баалоо жабык добуш берүү жолу менен жүргүзүлдү.

Добуш берүүгө жалпы 63 депутаттын ичинен 57 депутат катышып, жыйынтыгында акимдин ишин канааттандыраарлык деп 27 депутат эсептесе, 30 депутат канааттандыраарлык эмес деп баалады.

Ошондой эле, мыйзамга ылайык, аким райондо аткарылган иштер тууралуу 1 жылда 1 жолудан кем эмес жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына отчет берүүгө милдеттүү болсо, А.Аширалиев 2013-жылдын да отчетун тапшырбагандыгы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×