Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 09.03.2015 09:50

Чоң-Алай районунда 184 аялга «Баатыр эне» төш белгиси тапшырылды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 8-март аялдардын майрамына карата 184 аял «Баатыр эне», 8 аял «Эне даңкы» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Саадат Туйгунова билдирди.

Аялдарга майрамдык салтанат уюштурулуп, райондук социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери «ыр кесе» сынагын өткөрүп беришти.

Бир канча аялдар райондук администрациянын жана айыл өкмөттөрдүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×