Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 12.03.2015 11:55

Чоң-Алай районунда калың жааган кардын кесепетинен кээ бир ички чарбалык жолдор убактылуу жабылды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда калың жааган кардын кесепетинен кээ бир ички чарбалык жолдор убактылуу жабылды.

Кечээ, 11-мартта саат 23:24 чамасында калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен, Чоң-Алай айыл аймагындагы Кулчу, Кара-Шыбак айылына баруучу жолдор жабылды, деп маалымдайт ӨКМ.

Ошондой эле, Жекенди айыл аймагынын Шиве, Чулук айылдарына баруучу ички чарбалык жолдор дагы жабык.

Бүгүн, 12-мартта саат 09:30 чамасында Чоң-Алай айыл аймагы тарабынан күйүүчү май менен жеке менчик техника тартылып, тазалоо иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×