Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 12.03.2015 16:42

Чоң-Алай районунда 2 ай ичинде 2 турак жайдан өрт чыгып, 32 миң сомдон ашык чыгаша болгон

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2015-жылдын март айына чейин 2 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук өрткө каршы мамлекеттик бөлүмүнүн жетекчиси Арапбай Жолдошбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, от жагуучу мештердин түтүн чыкчу морлорунун туура эмес орнотулушунан  2 турак жайдан өрт чыгып, 32 миң 670 сом чыгымга учураган.

Өрт өчүрүүчү кызматкерлери кырсык болгон жерге өз убагында барып, өртү очүрүп, 960 миң сомдук материалдарды сактап калышкан. Өрттөн адамдар жабыркаган эмес.

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×