Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 13.03.2015 10:07

Чоң-Алайда калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен жабылган ички чарбалык жолдорду тазалоо улантылууда

Turmush -  Чоң-Алай районунда 11-мартта калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен жабылган ички чарбалык жолдорду тазалоо иштери улантылууда, деп маалымдайт ӨКМ.

Мурдараак маалымдалгандай, Чоң-Алай айыл аймагындагы Кулчу айылына баруучу жолдун 3 чакырым аралыгы, Кара-Шыбак айылына баруучу жолдун 7 чакырым аралыгы, Жекенди айыл аймагындагы Шиве айылына баруучу жолдун 3,5 чакырым аралыгы, Чулук айылына баруучу жолдун 3,5 чакырым аралыгы жабылган.

Кечээ, 12-мартта Чоң-Алай айыл аймагы тарабынан жеке менчик 1 бульдозер жана жергиликтүү тургундар тартылып, Кулчу айылына баруучу ички чарбалык унаа жолу тазаланып ачылды. Калган ички чарбалык унаа жолдор транспорт кызматы (ЖЭМ-№16) тарабынан тазаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×