Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 13.03.2015 14:46

Калың жааган кар менен катуу бороондон улам жабылган Чоң-Алайдагы ички чарбалык жолдор ачылды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда 11-март күнү калың жааган кар менен бороондон улам жабылган ички чарбалык жолдордо бүгүн, 13-мартта тазалоо иштери аяктап, кыймыл ачылды.

Райондун акими Абдилазиз Аширалиев аймактык кабарчыга билдиргендей, жабыр тарткандар болгон жок. Тазалоо иштерине райондун жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылды, деп кошумчалады аким.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кулчу айылынан 3 чакырым, Кара-Шыбак айылынан 7 чакырым, Жекенди айыл аймагындагы Шиве айылынан 3,5 чакырым, Чулук айылынан 3 чакырым ички чарбалык жолдор убактылуу жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×