Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 14.03.2015 15:14

Чоң-Алай районунун аймагында катуу бороондун кесепетинен жабылып колгон жолдор жергиликтүү тургундардын күчү менен ачылды, - ӨКМ

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Шиве, Чулук айылдарындагы жолдор кечээ, 13-мартта жергиликтүү тургундардын кол күчү менен ачылды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү катуу бороондун кесепетинен Чоң-Алай айыл аймагындагы Кулчу айылынан 3 чакырым, Кара-Шыбак айылынан 7 чакырым, Жекенди айыл аймагынан Шиве айылынан 3,5 чакырым, Чулук айылынан 3 чакырымдарында ички чарабалык жолдор убактылуу жабылган.

Чоң-Алай айыл аймак тарабынан күйүүчү май менен жеке менчик 1 даана бульдозер камсыздалып, 12-мартта саат 21:22лер чамасында Кулчу айылына баруучу ички чарбалык жолдун 500 метрин бульдозер менен тазалап, 2,5 чакырымы жергиликтүү тургундардын күчү менен ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×