Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 16.03.2015 12:55

Чоң-Алай районунда жергиликтүү жумурткалардын жарманкеси болуп өттү

Turmush -  Чоң-Алай районунда «Бай-Алай» программасынын алкагында жергиликтүү фермерлер өндүргөн жумуртка жарманкеси болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анда кызыккандар үчүн тоок чарбасы боюнча адабияттар жана жергиликтүү жумурткалар сатылды.

Тоок багып жаткан фермерлер ой бөлүшүшүп, кызыккандарга иш тажрыйбаларын айтып беришти.

Фермерлерди тоок чарбасы боюнча окутуу жана кеңеш берүү боюнча тегерек столдун жыйынтыгында бардык катышуучулардын сунуштары эске алынып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тоок баккан фермерлердин жумурткасын сатууга жардам берүүсү сунушталды. Бул ишти фермерлер да тендерге катышуу аркылуу ишке ашырса боло тургандыгын айтышты.

Тема боюнча: Чоң-алайлыктар жумуртка багытындагы тоок чарбасын өнүктүрүүгө кызыгышууда

Чоң-Алай районунда 50дөн 200гө чейин жумуртка багытындагы тоок баккан 4 фермердик чарба бар

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×