Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 20.03.2015 14:56

Чоң-Алай районундагы «Кош жылдыз» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда кечээ, 19-март күнү «Кош жылдыз» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, кароо-сынак Нооруз майрамына жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулду. Жалпысынан 12 жуп өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Чоң-Алай райондук администрациясынын жана «Чоң-Алай жаштар кыймылы» коомдук бирикмесинин, ошондой эле айыл аймактардын, райондук маданият бөлүмүнүн баалуу белектери тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×