Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 20.03.2015 17:59

Чоң-Алай районундагы балдар бакчаларында Нооруз майрамы белгиленди

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунун борборундагы эки балдар бакчасында Нооруз майрамына карата салтанаттар өткөрүлдү. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Саадат Туйгунова билдирди.

Анын айтымында, балдар бакчаларында улуттук тамак-аштардын көргөзмөлөрү жана концерттик программалар тартууланды. Райондук администрация тарабынан балдарга атайын майрамдык белектер таратылды.

Чоң-Алай районунда жалпы 12 бала бакча бар. Эртең, 21-мартта Нооруз майрамы райондун бардык аймагында белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×