Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 28.03.2015 11:52

Премьер-министр Ж.Оторбаев Чоң-Алай районундагы «Карамык» чек ара тозотунда болду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-мартта Ош облусунун Чоң-Алай районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин коргоого жана кайтарууга алган Ош чек ара кошуунунун «Карамык» чек ара тозоту жана Түштүк-Батыш бажысынын «Карамык» өткөрмө пункту менен премьер-министр Жоомарт Оторбаев таанышып чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган чек ара тозотуна Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү келишти.

Чек ара кызматынын төрагасы Д.Раимбердиевдин айтымында, чек ара өткөрмө бекеттери, заставалар, Бажы биримдигинин талаптарына ылайык аскер техникалар менен, шарттар менен камсыздалат.

Чек ара объекттеринин курулушу АКШ элчилигинин көмөгү жана АКШ Борбордук колбашчылыгынын «Баңгизатка каршы күрөш программасынын» алкагында 2013-жылдан тарта жүрүп, курулуп бүтүргөн.

56

57

58

59

60

61

62

63

64

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×