Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 21.04.2015 17:13

Чоң-Алай районуна чиновниктер, депутаттар сейрек барышкандыктан көйгөй көп, - тургундар

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районуна млекеттик чиновниктер, депутаттар сейрек барышкандыктан көйгөй көп экенин бул райондон келген өкүлдөр ЖК депутаттарынын катышуусунда өткөн коомдук угууда билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, тургундар айылда 3-4 миң сом пенсия же болбосо балдары үчүн чыккан арзыбаган жөлөк пул менен жашоо кечирип жаткандарды айылдардан эле шайланып барган эл өкүлдөрү эмне үчүн ойлонбойсуңар деген суроону узатышты.

Баткен окуясына катышкандардын көйгөйү, Мамлекеттик эмес уюмдардын иштери, таза суу, дамба, сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Жергиликтүү бийлик чече турган таза суу, дамба, райондо капиталдык салымдардын эсебинен курулуп жаткан курулуштар боюнча элге Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Мамашарип Мусаев кеңири маалымат берди.

Калган суроолорго тиешелүү ЖКтин депутаттары жооп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×