Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 11.05.2015 16:14

Чоң-Алайда кардын көп жаашынан улам үйү кулап калган үй-бүлө өкмөттөн жардам сурайт (фото)

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылынын тургуну Майрам Орозалиеванын үйү кышында кулап түшүп, эки баласы менен кошуналарынын үйүндө баш калкалап келүүдө. Бул тууралуу Майрам Орозалиева аймактык кабарчыга билдирди.

«Бир кыз, бир уулум бар. Кызым мектепти аяктаган, уулум болсо 9-класста окуйт. Кызымдын бөйрөгү ооруйт. Өзүм да оорукчанмын. Кышында үйүбүз кар көп жаап, үстү көчүп түшкөн. Февралда кошунабыздын үйүнө көчүп чыгып жашап келе жатабыз. Ал үй да эптемей эле салынган. Өкмөт тараптан атайын комиссия келип текшерип кетишти. Жардам болоор-болбосун 2 айдан кийин айтабыз дешкен. Эгерде жардам берилип калса 200 миң сом насыяга берет экен. Өзүм 3 миң сом пенсия алып жашасам, ал берген 200 миң сомдук насыя акчасын кантип төлөп берем деп ойлонуп атам. Андан сырткары, 2 айдан кийин жообун айтса, акчасы 2 айдан кийин келсе, мен үй салгыча бизге кыш келет. Балдарым менен кайда барып жашап, күн өткөрөм билбейм. Өкмөт эртерээк карап, жардам берип койсо жакшы болмок»,-дейт Майрам Орозалиева.

Бул үй-бүлө жакыр үй-бүлөлөрдүн катарына кирет.

14

15

16

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×