Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуЧоң-Алай району 18.05.2015 18:16

«Ден-соолук кербени» Чоң-Алай районунда министрдин катышуусу менен уланууда

Turmush -  Бүгүн, 18-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен уюштурулган «Ден-соолук кербени» Ош облусунун Чоң-Алай районунда уланды.

Алгач райондун Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык айылдык ооруканасында элеттиктер менен жолугушуу болуп, ага саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Жогору Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов катышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

«Ден-соолук кербени» элет элин медициналык кароодон өткөрүп, борборго бара албаган адамдар үчүн Өкмөт тарабынан шарт түзүү максатын көздөйт, деп белгиледи Т.Батыралиев.


Эртең, 19-майда «Ден-соолук кербени» Чоң-Алай, Кашка-Суу айыл өкмөттөрүндө улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×