Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 22.05.2015 10:59

Чоң-Алай районунда 3 мечит, 1 медресе пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 21-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда алгачкы медресе курулуп, ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аталган райондун акими Абдилязиз Аширалиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бир күндө райондогу 3 мечит пайдаланууга берилди.

«Биздин райондогу Кашка-Суу айыл аймагында 3 мечит, 1 медресенин ачылыш аземи болду. Бул мечиттер Араб Эмиратындагы өнөктөштөрдүн жардамы, тактап айтканда «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фондунун жардамы менен каржыланып бүткөрүлдү. Бурган-Суу, Кара-Кабак, Кашка-Суу айылдарынын жашоочуларынын өтүнүчү менен заманбап, учур талабына ылайык, 3 мечит жана жаштарды ыйманга тарбиялай турган медресе курулду», - деди А.Аширалиев.

медрес

медресе

медресее



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×