Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 23.05.2015 11:30

ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочу М.Орозалиеваны коркутту деген билдирүү жалган, - ӨКМ

Turmush -  ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочу М.Орозалиеваны коркутушкан эмес. Мындай маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсү боюнча, 21-майда бир катар маалымат агенттиктерине ӨКМдин райондук башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Карамык айылынын тургуну Майрам Орозалиевадан ал жашаган үйдүн авариялык абалда экендиги тууралуу маалыматты интернетке жайылтпоосун талап кылгандыгы айтылган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2011-жылдын 16-30-январында Алай райондук Жарандык коргоону комиссиясы Карамык айылынын тургуну М.Орозалиеванын турак үйүн кароодон өткөргөн. Натыйжада, жер титирөөдөн жабыркаган үйдү капиталдык оңдоодон өткөрүү керек экендиги аныкталган. Ошентип, Орозалиевага кайтарымсыз негизде (Өкмөттүн табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү боюнча эрежесине ылайык) 10 миң сом берилген.

Эскерте кетсек, жогорудагы эрежеге ылайык Жарандык коргоо комиссиясы ар кандай өзгөзө кырдаалдан жабыркаган турак-жайлардын даражысын аныктаган соң, 10 миң сом жана 50 миң сом кайтарымсыз негизде ссуда жана 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя берилет.

Өкмөттүн каржылык жардамын бир гана жолу алууга болот.

Карамык айылынын тургуну М.О. турак үйүн экинчи ирет кароодон өткөрүү үчүн арыз жазган. 2015-жылдын 5-майында Жарандык коргоо комиссиясы үйдү кайрадан кароодон өткөрүп, М.О. мурда 10 миң сом кайтарымсыз ссуда алгандыктан, ага акча берилбесин айткан.

ӨКМдин райондук бөлүмүнүн кызматкери маалымдагандай, М.Орозалиева менен эч кандай сүйлөшүү ошондой эле, аны коркутуу болгон эмес.

Тема боюнча: Кышында үйү кулап калган 2 балалуу чоң-алайлык энеге эч кандай жардам көрөтүлгөн жок жана ӨКМдин өкүлдөрү тарабынан коркутуулар болду (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×