Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 26.05.2015 08:50

Чоң-Алайдагы сарай 6 жаштагы баланын шоктугунан улам өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 26-майда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Балдардын от менен болгон шоктугунан улам Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы сарайда жыйылган чөп күйүп кетти. Өрткө үй ээсинин 6 жаштагы баласы себепкер болгон.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жай-Булак айылындагы сарайдан өрт чыкты. Сарайдын чатыры, эшик жана терезелери күйүп кетти. Учурда бул өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×